7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күн жылыйбы? Февраль айына карата аба ырайы

572

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында февраль ичи абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Бул айда жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында нормага жакын, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында климаттык нормадан ашык болору күтүлүүдө.

  • Чүй, Талас облустарында бул ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -2 …+3 градуска чейин болору айтылды. Айрым түндөрү сууктун күчү -16 градуска чейин жетет. Ошондой эле жаан-чачындын айлык көлөмү айрым жерлерде нормадан төмөн болушу күтүлөт.
  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз -2 … +3, 8…13 градус жылуу болуп, түнкүсүн 0…-5, 1…6 градус, кээ бир түндөрү абанын температурасы -6…-11 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
  • Ысык-Көл өрөөнүндө февраль ичи абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градустан -3 … 2 градуска чейин өзгөрүлүп турса, кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14 градуска жетет. Күндүз абанын температурасы 0…5, 6…11 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
  • Нарында кээ бир түндөрү суук -23 градуска чейин жетет. Ал эми күндүз абанын температурасы -3…-8, 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы.

 

 

 

573