7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күндүн сүрөтү: Гүлдөгөн лотостор шаардын көркүн ачты

230

Бишкектин Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көлмөдө лотостор гүл ачты. Бул тууралуу мэриядан билдирип, көз жоосун алган сүрөттөр менен бөлүштү.

Буга чейин аймакты санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда көрктөндүрүү иштери уланууда. Анын алкагында 51 түп арча отургузулуп, отургучтарды орнотулуп жатат. Ошондой эле тротуардын таман таштарын жана бордюр таштарын төшөө иштери жыйынтыкталды.

Мындан тышкары, көлдү жээктей өтүүчү жөө адамдар жолуна асфальт төшөө үчүн аймакты даярдоо иштери аткарылды. Аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери улантылууда.

231