Көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 78 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Октябрь районунун 4-кичи кичирайонунда жайгашкан көп кабатту турак үйдүн батирлердин биринин, бекилип калган эшигин ачышкан жана батирдин ичинен 1943-жылы туулган М.Р. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
«Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган», — деп берилет маалыматта.