Эки шеригин бычактаган 32 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-августта Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 2 жаран бычактан жаракат алып, жаткырылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жабырлануучулардын өздүгү аныкталып, 1977-жылы туулган М.Е., жана 1976-жылы туулган Х.Е. экени белгилүү болгон.
Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалып, Сокулук районундагы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү учурунда, алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишкени жана ортодо түшүнбөстүк жаралганы белгилүү болгон.