7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан алтынчы орунду ээледи

469

Иорданияда 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык балбан кыз-жигиттер алты медаль алып, командалык эсепте 6-орунду камсыздады.

Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) колону утту. Кыз-келиндер арасынан Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 кг) коло тагынды.

Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын, Орозбек Токтомамбетов (74 кг) күмүш алган.

Жалпы командалык эсепте биздин өлкөнүн спортчулары Иран, Япония, Түндүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан кийинки орунга жайгашты.

470