7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Качкын» тасмасы Пусан кинофестивалында ат салышат

598

«Качкын» кыргыз тасмасы Пусан кинофестивалында «Мыкты тасма» номинациясына ат салышат. Бул тууралуу «Кыргыз фильм» киностудиясы билдирди.

Кинофестиваль 4-октябрда өтөт. Бул тасма Борбор Азиянын тоолорунда жашыруун каттамдарды түзгөн эки баңги аткезчиси Аза менен Самат жөнүндө. Алар кулчулуктан качкан Назик аттуу жаш кызга туш болушат. Назик кайрадан жергиликтүү кылмышкердин колуна түшүп калганда, Аза аны бардык күчү менен сактап калууну чечет.

Тасма дүйнөдө болуп жаткан эмгек кулчулугунун орчундуу маселелерин козгойт. Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылдан бери Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Азиядагы абройлуу кинофестивал.

 

 

 

599