«Качкын» кыргыз тасмасы Пусан кинофестивалында «Мыкты тасма» номинациясына ат салышат. Бул тууралуу «Кыргыз фильм» киностудиясы билдирди.
Кинофестиваль 4-октябрда өтөт. Бул тасма Борбор Азиянын тоолорунда жашыруун каттамдарды түзгөн эки баңги аткезчиси Аза менен Самат жөнүндө. Алар кулчулуктан качкан Назик аттуу жаш кызга туш болушат. Назик кайрадан жергиликтүү кылмышкердин колуна түшүп калганда, Аза аны бардык күчү менен сактап калууну чечет.
Тасма дүйнөдө болуп жаткан эмгек кулчулугунун орчундуу маселелерин козгойт. Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылдан бери Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Азиядагы абройлуу кинофестивал.