Баткен облусунун Кадамжай районунда кызын сабаганын видеого тарткан аял үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Аталган факты боюнча экспертиза дайындалып, милиция балдарды үй тибиндеги балдар үйүнө өткөрүп берген.
Эскерте кетсек, аталган аял кызын сабап жатканда тарткан видеону жарандык күйөөсүнө өчөшүп сабаганын жана аны тиркеме аркылуу жарандык күйөөсүнө жөнөткөнү маалымдалган.