7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда бир нече айылдарда турак үйлөрдү, жолдорду сел каптады

828

20-июль күнү катуу жааган жаандан улам Кадамжайдын Көтөрмө айыл өкмөтүнүндө сел жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 18:00дөр чамасында катуу жамгыр жаап, сел жүргөн. Сел Тамаша, Маданият-Курулуш, Ак-Кыя айылдарында жүрүп, Кызыл-Булак айылына топтолуп түшкөн. Андан кийин сел агып өтүүчү чоң сайдан ашып, негизги жолго чыгып кеткен.

Жыйынтыгында жолдун четинде турган унаалар селде калган. Селдин айынан жол четиндеги 15тей үйгө сел кирген. Учурда Тамаша, Чандеки жана Маданият-Курулуш айылдарындагы жол каттам токтотулду.

Мындан сырткары Кадамжай шаарында, Жийделик жана Орозбеков айылдарында дагы катуу сел жүргөн.

ӨКМ кызматы жеринде иш алып барууда, келтирилген чыгымдар эсептелип чыккан соң кабарлайбыз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

829