7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзү асынып алган

867

19-июнда Кадамждай районунда күйөөсү аялын бычактап,өзү асынып алган.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июнь түнү болжол менен 04:00 чамаларында Кадамжай шаарындагы Металург көчөсүндө жайгашкан үйдө 1987-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран өзүнүн жолдошу менен өз ара пикир келишпей урушуп кетишкен.Анда  жолдошу 1987-жылы туулган Б.Б. ашкана бычагы менен жубайы Н.Б.нын денесине бир нече жолу сайып, мыкаачылык менен өлтүргөн.

Натыйжада кылмышка шектүү жолдошу Б.Б. Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын айылдарынын бириндеги бүтө элек үйүнө барып, үйдүн экинчи кабатында өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылган. Бул фактылар Кадамжай РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пункту (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868