7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда күйөөсүнөн өч алуу үчүн кызын сабаган аялга кылмыш иши козголду

1444

Бүгүн, 30-январда социалдык тармактарда баланы сабаган аялдын видеосу тараган. Бул окуя тууралуу 7-каналга Баткен ОИИБден төмөндөгүлөрдү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында милицияга Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги Ш.М. аттуу аялы А.Х. аттуу 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзгөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Арыз ээсинин айтымында, 2023-жылдын январь айынын башында жарандык никедеги аялы экөө өз ара келишпестиктен улам чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аялы кызын уруп, телефонго тартып, видеону жолдошуна жиберген.

Милиция тарабынан аталган факты боюнча кызга соттук-медициналык, ал эми аялга соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин негизинде (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда. https://7tv.kg/kichinekej-balany-yjlaba-zhetim-dep-sabagan-ayaldyn-videosu-tarady/

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1445