7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кадастрдын» кызматкерлери мыйзамсыз каттоо жүргүзүп, мамлекетке 15,6 млн сомдук зыян келтиришкен

833

“Кадастрдын” кызматкерлери мыйзамсыз каттоо жүргүзүп, мамлекетке 15,6 млн сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн алкагында жер тилкесине укук берүүчү документти мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Текшерүүдө, аталган филиалдын кызматкерлери кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, жер тилкесине соттук чектөө тургандыгына карабастан мыйзамсыз сатуу-сатып алуу келишимдерди катташкандыгы аныкталды. Ошондой эле, алар мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында, эч кандай укук аныктоочу документтердин жоктугуна карабастан, муниципалдык менчиктеги турган жер тилкесине жеке менчик жөнүндө мамлекеттик акт даярдашкан.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекетке 15 млн 676 миң сомдук жер тилкеси кайтарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

834