Эл аралык руханий форумду уюштуруу комитетинин төрагасы, Элдик курултайдын мурдагы төрагасы Кадыр Кошалиев: Акыркы мезгилде либералдык баалуулуктардан дүйнө элдери баш тарткандай болуп баратат, анткени баардык эле мамлекеттер ал баалуулуктарды бирдей кабыл алган жок. Жер шарынын ар башка бурчунда согуш оту дагы чыгып, жайылып баратат жана абал улам опурталдуу жакка бурула баштагандай.
Мындай абалда миңдеген жылдар бою өз баалуулуктарын жоготпой карманын келген кыргыз элинин мисалы кимге болбосун үлгү боло ала тургандай. Ошол себептен биз эмки аптада, 17-сентябрда, эл аралык руханий форум өткөрүүнү пландап жатабыз, ага саясатчылар эмес, негизинен, окумуштуулар катышып, баардык пайда болуп жаткан маселелерди сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечели деген идеянын тегерегинде талкуу өткөрөбүз.