7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрат Примбердиев «КР эмгек сиңирген артисти» наамын сактап калды

262

Ырчы Кайрат Примбердиев «КР эмгек сиңирген артисти» наамын сактап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматынан билдиришти.


«Жазык кодексинин 64-беренесине ылайык, адамдан мамлекет тарабынан берилген жогорку сыйлыктар ал кызмат абалынан пайдаланып оор жана өтө оор кылмыш кылганда гана кайтарып алынат», — деп айтылат билдирүүдө.


Көп өтпөй министрлик маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолукканын кабарлады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулар катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат.
Маданият министрлиги 2011-жылы Чокоевге ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алган. Ал эми Примбердиевдин «КР эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу боюнча президенттин аппаратына сунуш жөнөткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

263