7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кайсы бир күндөрү биз да өтөбүз…» Ташиевдин көзгө жаш алдырган видеосу

318

УКМК төрагасы Жалал-Абадда «Жашыл мурас» акциясынын алкагындагы 40 миң көчөт отургузуу ишине катышкан. Анда Камчыбек Ташиев ата-энеси ушул жерге көмүлгөнүн айтып, кийин өзү да алардын жанына коюлушун кааларын белгилеген.

«Айылдагы тууган-уругубуз, ата-энем, агаларым ушул жерде жатат. Акыры барып биз да ушул жерди жердейбиз. Ушул боюнча балдарым менен сүйлөшүп калганда «дүйнөдөн өткөндө айылга алып барып, айылдагы мүрзөгө койгула» деп айтам. Алар «сизди мамлекетке кызмат кылгандардын мүрзөсүнө калтырса керек» деп айтышат. Адам көзү өткөндө сүйлөй албайт да, ошого башынан керээз катары айтып калам. «Кайсы бир күндөрү биз да өтөбүз. Ошондо мени атам менен апамдын жанына койгула» деп айтам балдарыма. Атам менен апамдын жанында өзүм алып койгон жер дагы бар. «Аны эч кимге бербе» деп молдого да айтам«, — деген Ташиев.

319