7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев 76 жаштагы аксакалга жардам көрсөттү

451

Камчыбек Ташиев 76 жаштагы Каныбек Шаршембаев аксакалга жардам көрсөттү.

Буга чейин маалымат каражаттарында жана интернет тармактарында 76 жаштагы Каныбек Шаршембаев аксакалдын оор турмушу тууралуу видоематериал жарыяланган. Анда аксакал кароосуз экендиги, көчөдө кайыр сурап жан багаары айтылган. Жубайы каза болуп, жалгыз уулу таштап кеткен.

Каныбек Шаршембаевдин өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, карылар үйүнө да кире алган эмес, жада калса пенсия алууга да мүмкүнчүлүк жок болгон. Мындан улам, 76 жаштагы аксакалга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам көрсөткөн. Тактап айтканда, аксакал Бишкек шаардык карылар жатак үйүнө киргизилип, жакын арада өздүгүн тастыктоочу документтерге да ээ болот.

Каныбек аксакал социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасап, Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

“Урматтуу Камчыбек Ташиев сизге чоң рахмат. Сиздин тапшырмаңыз менен балдарыңыз мени карылар үйүно алып келишти. Паспортум да жакын ара да колума тиет экен. Сизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!”- деп билдирген аксакал.

Белгилей кетсек, видео кайрылууда Каныбек аксакалга керектүү кийим-кече, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттар да алынып берилгени айтылган.

452