7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Караколдогу «Байсары уулу Кыдыр аке» аскер бөлүгүндө болду

456

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Каракол шаарында жайгашкан «Байсары уулу Кыдыр аке» атындагы 2028-аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

1965-жылы түзүлгөн аскер бөлүктүн имараттары 30 жылдан бери оңдолбогондуктан жараксыз абалга келип, урай баштаган. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен объектте капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. 

Аскердик бөлүктүн базасында УКМКнын Чек ара кызматынын кенже командирлерин даярдоочу окуу борборун ачуу, ошондой эле «Бедел», «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана Каракол эл аралык аэропортунун ачылышына байланыштуу аскер кызматкерлеринин жеке курамын кеңейтүү пландалууда.  

Мамлекет башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу жана аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын сактоо үчүн инфраструктураны жаңыртуу маанилүү экенин баса көрсөттү. 

Садыр Жапаров аскер бөлүгүн реконструкциялоону жана заманбап техникалар менен жабдууну тездетүүнү тапшырып, аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоо, анын ичинде жашоо шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.

 

457