7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча активисттер менен жолукту

429

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кемпир-Абадчыларды» кабыл алып, абалды дыкат түшүндүрүп берди. Бул тууралуу жолугушууга катышкан активист Илгиз Шаменов соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев аларды УКМКнын конок үйүндө жылуу маанайда кабыл алган.

«Кемпир-Абад боюнча Камчыбек Кыдыршаевич жеке өзү баарын көрсөтүп, дыкат түшүндүрүп берди. Карталардын баарын жайып ачык көрсөттү, ар тараптуу талкуу болду, жеке мен ынандым. Себеби, мен көргөн документтердин негизинде, биздин картабыз мурда 199 миң чарчы метр болсо, азыр 200 миң чарчы метр болгонун картадан өз көзүм менен көрдүм. Эми калганына тарых баа берет деп ойлойм, жылуу маанайда бизди кабыл алып, түшүндүрүп, сөз берип, оюбузду укканы үчүн Камчыбек Кыдыршаевичке терең ыраазычылык билдирем. Дагы кандайдыр бир маселелер болсо келгиле, эшигим дайыма ачык деген сөзүн айтты», — деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин бир катар саясатчылар жана активисттер Кемпир-Абад, анын ичинде Кыргызстандын жерлери Өзбекстанга берилип кетти, бийлик бизди алдап жатат деп нааразычылыктарын айтып чыгышкан.

 

 

 

 

 

430