Бүгүн, 25-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды токтотуу жөнүндө протоколго кол коюлду.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев протоколдун негизинде төмөнкү төрт пост алып салына тургандыгын айтты.
«Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
«Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
«Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
«Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).
«Бул чек ара посттору ар дайым жаңжалдын чыгышына себеп болот. Аталган жерлерге аскер кызматкерлери дагы, жай тургундар дагы чыкпайт. Муну менен мурдагы болуп жаткан жаңжалдын булактарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деди ал.