7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: Өлкөдөгү тартип — мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө

895

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен маек.

— Саламатсызбы, Камчыбек Кыдыршаевич, мамлекетибиздеги тартип, улуттук коопсуздук маселелери боюнча жоопкерчилик сизге жүктөлгөн. Дал ушул маселелерге байланыштуу айрым элди ойго салган маселелер боюнча тактоо иретинде, суроо салгым келип атат. Кечээ жакында эле пакистандык студенттер менен болгон окуя өтө татаалдашып кете электе токтоду. Бирок ошол учурда жүздөгөн жаштар заматта топтоло калганын көрдүк. Бул окуя талдоого алынса керек?

— Албетте, талдоого алынды. Биз бул окуядан сабак да алдык десек болот. Анткени бул окуяны кадимки эле жаш балдардын ээн баштык окуясы катары көрүп, ал балдарды ИИМ издеп аткан. Окуя мындай болгон. Үч кыргыз бала египеттик студенттерди жатаканасына чейин кууп барышып, акча, телефондорун тартып алышкан. Мунун баары коопсуз шаардын видео камераларына түшүп калган. Жатаканадан жардамга алардын жердештери чыкканда кыргыз балдар качышат. Бирөөсү тигилерге кармалып калат. Аны тигилер сабашат, арасынан айрым балдар ажыратып, тез жардам чакырып салып беришет. Ооруканага барганда тиги бала өзүнүн чыныгы аты жөнүн айтпай, таптакыр башка атты айтып, медайымдан жардамды алгандан кийин ооруканадан качып чыгып кеткен. Өздөрү күнөөлүү экенин билет да. Анткени, чет элдик студенттердин акчасын, телефондорун тоноп алып атышпайбы. Аларды ИИМдин кызматкерлери коопсуз шаар аркылуу өздүгүн тактап, издеп башташкан. Кеминдик балдар экени аныкталган. Ошол учурда чагым экени көрүнүп турган видео соцтармактарга жайнап кетти. Атайылап, «пакистандык балдар кыргыздарды сабап салышты, андан бир жигитибиз каза болуп калыптыр»- деген маанай жаратышты. Жыйынтыгында, өтө кооптуу жагдай жаралды. Андыктан, мындан кийин кандай окуя болбосун, антип дүрбөп чыгыштын кереги жок. Ким болбосун, ал кыргызбы, оруспу же пакистандыкпы, кылмыш кылса жазалай турчу мамлекет бар, күч органдары жана сот бар. Эгер биз көңүл бурбай койсок, анда бир жөн. Кимде-ким улуттар аралык же аймактык аралык кастыктарды козутуп, элди көтөрүлүшкө чакыра турган болсо — эл талап кылгандан да катуу жазалайбыз. Бизге, мамлекетибиз эми бутуна туруп, экономикабыз эми көтөрүлүп келе жатканда тынчтык — аба менен суудай керек.

— УКМК жакында эле өлкөдө төңкөрүш кылууга даярдык көрүп жаткан жарандар тобу кармалганын билдирди. Тинтүү учурунда алардан катуу даярдыктан кабар берген курал-жарактар алынганы көрсөтүлдү. Алар кандай максатты көздөгөнүн ачыктай аласызбы?

— Азыр тергөө иштери башталды. Булардын толук максаттары тергөө бүткөндөн кийин толук ачыкталат. Бирок булар эмне максатты көздөгөнүн үстүртөн айтып өтсөм болот. Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип «кустарный метод» менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын максаты: өткөндө жүз берген окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, «мына, биз эл тарапка өттүк»- деп жарыялашмак. Ошентсе, «бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет»-деген чолок акыл пландары болгон.

— Учурда өлкөдөгү коомдук-саясий абал туруктуу. Жарым жылдын жыйынтыгы менен экономикалык өсүштүн көрсөткүч 8,1% түздү. Дегенибиз ушундай шартта элдин деле катуу нааразылык кылып көчөгө чыгуусуна олуттуу себеп-шылтоо деле жок да. Бул үчүнчү дейбизби же тышкы делген күчтөрдүн аралашуусу болушу мүмкүнбү?

— Азыр тергөө иштери башталды. Булардын артында тышкы күчтөр барбы же жокпу тергөө бүткөндө билинет. Албетте болуп калышы да мүмкүн. Анткени биздин экономикабыз ылдамдык менен тез көтөрүлүп жатканы эч кимге жакпайт. Ошондуктан ар кандай ыкмалар менен ойго келбеген нерселерди уюштурушу мүмкүн.

— Мисалы?

— Мисалы 2010-жылдагы апрель окуясы, 2010-жылдагы июнь окуясы сыяктуу нерселерди уюштурушу мүмкүн. 2010-жылдагы июнь окуясы кантип тутанып кеткенин жакшы билесиңер да. Биринчи себеби — Убактылуу өкмөт менен сепаратисттердин жең ичинен сүйлөшүүлөрү. Экинчи себеби — тышкы күчтөрдүн өзбек айылдарына кирип барышып, өзбектерди аткылап чыгып кетишип, «мына, кыргыздар атып кетти»- деп сөз таркатып, кыргыздар жашаган районго кирип барып ок чыгарып, «өзбектер кыргызды кырып атат»- деп сөз таратышкан. Ошентип, араң турган абал заматта от болуп тутанып, кыргыз-өзбек урушу болуп кеткен. Бирок тышкы күчтөр уюштуруп жибергенин билип калган эки улут үч күндөн кийин тынчып, кайра стабилдүүлүк калыбына келген. Ушул сыяктуу эле нерселерди Бишкекте уюштурууну көздөшкөн. Ошондуктан, мен жогоруда айтканымдай, кандай гана кылмыштар же улуттарды бири бирине кайраштыруу максаттарын көздөгөн иш аракеттер болбосун, дүрбөп чыккандын кереги жок . Мамлекет баарын көзөмөлгө алып турат. Бизде да жүрөк бар. Бизде да эч кимдикинен кем эмес мекенчилдик сезим бар. Сөзсүз баарынын жазасын беребиз.

— Акыркы убакта айрым телеграмм каналдарда “Кыргызстанга тоолор керек эмес. Экономика тоолорго каршы” деп Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тоолорду, экологияны бузат деген маанидеги маалыматтарды аз-аздан таратып жатканы байкалууда. Ушул долбоор улуттук коопсуздукка терс таасир этиши мүмкүнбү?

— Тескерисинче бул жол салынбай калса улуттук коопсуздугубузга таасир этиши мүмкүн. Бул жол салынышы керек. Бул долбоор Кыргызстандын түбөлүгү үчүн аба менен суудай керек. Бул долбоорго акылы жок же алысты көрө албагандар эле каршы чыкпаса, акылы тунук Кыргызстандыктар каршы чыкпайт. Биз илгертен бери туюк өлкөдө жашап келе жатпайбызбы. Бул жолду куруу маселеси эгемендик алганыбыздан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Ар кандай себептер менен башталбай келген. Президентибиз Садыр Нургожоевич бардык тараптардын тилин таап, баштап кетти. Бул жол бүтсө дүйнөнүн эшиги мамлекетибиз үчүн ачык болот. Туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикабызда ИДПнын өсүшү бүгүн 8,1 пайыз болуп атса, бул жол бүткөндөн кийин мындан да жогору болот. Экологияны бузбаш үчүн максималдуу аракет болуп атат. Тоолорго тийбеш үчүн 15ке жакын тоннель тешилет. Телеграмм каналга чагымчыл материал салып аткандардын максаты башка. Ошону жалпы эл журт билип алыш керек. Бул жолдун курулушуна ичи ачышып жаткан тышкы күчтөр жок эмес. Эгер кимде ким каршы чыкса, ал ошол тышкы күчтөрдүн буйрутмасын аткаргандар деп билсек болот. Ошондуктан кандайдыр бир провокация болсо дүрбөп чыгаардан мурда жети өлчөп бир кескиле дейт элем.

Маектешкен Илязбек Балташев.

896