Таласта уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Компаниянын директору А.у.А. маркум Камчы Көлбаевдин жакын адамы Р.Т.К. менен жакын мамиледе болгон. Талас облусунун жалпы аянты 1 миллион 140 миң гектарды түзсө, анын 423 миң 966 гектары компанияга таандык болгон. Бул облустун аянтынын үчтөн бир бөлүгү болуп саналат.
Жер 4 миллион 465 миң 550 сомго бааланып, Экология министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүп берилгени кошумчаланды.