Райымбек Матраимовдон мамлекеттин эсебине алынган 9 батир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине берилет.
Бул тууралуу Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ташиевдин маалыматына караганда Матраимов бюджетке 2 млрд сом төгүү боюнча тергөө менен келишкен. Учурда ал сумманын 1 млрд 400 млн сому накталай түрдө бюджетке которулду. Ал эми калган акча кыймылсыз мүлк катары мамлекеттин эсебине алынды. Анын ичинде бир соода борбору жана тогуз батир бар.
Соода борбору мамлекеттин эсебине өткөрүлүп, сегиз батир УКМКнын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө берилмей болду.