18-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.
Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө — 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертти. Ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарылдыгын дагы белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөөрүн дагы бир ирет эскертип өттү.
Ошондой эле келээрки жылдын планына Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 63-чакырымына чейинки аралыгы киргизилип, жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.
Жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коюлган тапшырмалар аткарылаарын жана жумуш кызуу жүрүп жатканын билдиришти.