7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: Соттордун өтүгү миң доллар, а унаасы 100 миң доллар экен

261

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төргасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, соттордун мүлкү тууралуу айтты.

Анын маалыматына караганда, соттордун декларацияда көрсөтпөгөн мүлкү көп. Алар мындан ары декларацияда көрсөткөн үйүндө жашашы керек.

«Соттордун бир кийген шубасы 5 миң доллар, машинеси 100 миң доллар турат. Кечээ бир судья үй-бүлөсүн алып Дубайга учуп кетиптир. Жакында эле кармалган судьянын 20 квартирасы бар экен. Бирок мунун баары декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Мен аларга мүлкүңөрдү саткыла, кирешеңерди мамлекетке бергиле деп айтам. Адилеттүүлүк болушу керек да»,-дейт Ташиев.

15-декабрда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жогорку Соттун «О.К.Т.»аттуу судьясы кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган судья өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын декларацияда көрсөткөн эмес, тиешелүү киреше булактары жок болсо да, көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс класстагы автоунаалар бар.

Аны менен бирге кармалган судья жана анын жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

262