7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Таластагы стадиондун абалы менен таанышты

422

Бүгүн, 12-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусунун Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун абалы менен таанышты.

1989- жылы курулган стадион ушул күнгө чейин бир канча жолу оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн, бирок азыркы учурда замандын талабына жараша шарттарга муктаж.

Ташиев тийиштүү тараптарга стадионду толук кандуу реконструкциядан өткөрүү тапшырмасын берип, Талас шаарынын тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүү талабын койду.

Э.Кутманалиев атындагы стадион жалпы 2300 орунга ылайыктуу болуп, анда көрүүчүлөр отуруучу имараттын ичинде ар кандай спорттун түрлөрү боюнча бөлмөлөр, спортчулар үчүн жатакана, чечинүүчү, жуунучу бөлмөлөрү бар. Деген менен алардын басымдуу бөлүгүнүн эскилиги жеткен.

 

423