7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: УКМКнын ар бир кызматкери үй менен камсыз болот

346

2025-жылы күзгө чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бардык кызматкерлери үй менен камсыз болот. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарынын ачылышында билдирди.

«Биздин өлкөнүн бардык аймактарында ушундай бөлүмдөр ачылды. Сиздер кайсы жерге барып кызмат кылбаңыздар тийиштүү шарттар түзүлдү. Материалдык-техникалык базабыз чыңдалып, айлыктарыбыз көтөрүлдү. Көпчүлүгүңөр мамлекет тарабынан үй менен камсыз болдуңуздар. 2025-жылы күзгө чейин УКМКда иштеген бардык кызматкерлер үй менен камсыз болушат. Эч ким үйсүз калбайт»,- деди ал.

Ошондой эле Ташиев кызматкерлерди таза, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иштөөгө чакырды.

 

347