7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырма берди

515

Камчыбек Ташиев жакында болгон жер титирөө боюнча билдирүү Android платформасындагы уюлдук телефондорго келип, iPhone үлгүсүндөгү телефондорго келбегендигин айтып, ӨКМге тапшырма берди.

«Жакында жер титиреди, Бишкекте 4,5 баллга чейин жеткени белгилүү. Санариптин жардамы аркылуу Android  платформасындагы уюлдук телефондорго 1 мүнөт эрте билдирүүлөр келип, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдардын тышка чыгуусуна мүмкүн болду. Бирок ошол эле учурда iPhone сыяктуу акыркы үлгүдөгү телефондорго билдирүүлөр келген жок. Ошондуктан ӨКМдин санариптик кызматы жасалма интеллектинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Кыргызстандагы тиешелүү компаниялар менен иштерди жүргүзөсүңөр деп ойлойм”, —деди ал.

 

 

516