7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук милициясына унаа тапшырды (ФОТО)

594

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад облустук милициясына унаа тапшырды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Унаа Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын алкагында тапшырылды.

Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи. Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.

Белгиленгендей, облустук милицияга 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595