7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

491

Бүгүн, 31-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк курамын Кыргыз стандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады.

УКМКнын башчысы өз куттуктоосунда төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул күн – өлкөбүздөгү өз алдынча эркин кадамдардын, башталыштардын, өзгөрүүлөрдүн башаты катары кылым карыткан Элибиздин көптөгөн кыйынчылыктарды, эркиндик үчүн далай жоонун мизин кайтарган салгылаштарды, ошол эле кезде өз өнүгүү жолунда көптөгөн аянычтуу жана жеӊиштүү мезгилдерди басып өтүп, тарыхый өзгөрүүлөрдү башынан кечирип, соӊку мезгилде дүйнөлүк коомчулукта өз ордун таап, кыргыз журтчулугунун туусун желбиреткен ыйык дата.

Биздин максат – жашоо шарты ыӊгайлуу, коопсуз, өз эмгеги, таланты менен ийгиликке жетип, өзүнө ишенген кубаттуу өлкөнү куруу жана эл коопсуздугун, бакытын жана алардын жаркын келечегин камсыздоо. Бул максаттарды иш жүзүнө ашырууда, албетте, алдыда далай бийик, опурталдуу ашуу-кырларды, аптаптуу жана ызгаардуу күндөрдү өтүүгө туура келет. Мындай шарттар мыйзам ченемдүү жана ар бир өлкө, анын атайын кызматтары башынан кечире турган шарт болуп эсептелет. Ал эми мындай болуп калчу катаал шарттардын алдын алып, анын кедергесин текке чыгарып, азайтып, Кыргызстандын өнүгүү жолунда чыга калчу буктурмаларды чебердик менен айланып өтүү бизден тийиштүү руханий жана күжүрмөн даярдыкты, ак жүрөктүктү жана ички тазалыкты талап кылат.

Мен ушул жаркын майрам күнү сиздердин УКМКнын кызматкерине коюлган бүткүл талаптарды сактап, мындан ары да Мекенге татыктуу, ак кызмат өтөп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери деген наамды бийик көтөрүп, өлкө эгемендигин кынтыксыз камсыздашыӊарга тереӊ ишенем жана өлкө жетекчилиги, эл алдында кепилдик бере алам”,-деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

492