7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кант жана Манас шаарларында миңдеген куту акцизсиз тамеки табылды (ВИДЕО)

275

Манас шаарындагы турак үйлөрдүн биринде акциздик маркасы жок тамеки жана ичимдиктер аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жерден 1 миң 400 куту тамеки, 212 бөтөлкө алкоголдук жана 100 бөтөлкө алкоголсуз продукция табылып, алынды.

Мындан тышкары, Кант шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө «Мырзабек» дүкөнүнөн 5 миң 510 куту акциздик маркасы жок тамеки продукциясын сатуу фактысы аныкталган.

Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

«Маркасы жок акциздик продукцияны 200 даанага чейин сатууда — 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат, ал эми 200дөн ашык санда сатууда — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилиги каралган»,-деп айтылат маалыматта.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

 

276