Эртең, 5-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жамгыр карга айланып, жолдор тайгак болот. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,
- Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,
- Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-10, күндүз -3…+2,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-13, күндүз 0…-5°.
Ал эми, Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 10…12°.