7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балта шаарында башы кесилген аялдын денеси табылды

763

Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелип  1976-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 23-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 21-июнда Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде башы кесилген аялдын денеси табылып, ал 1975-жылы туулган А.А., аттуу жергиликтүү тургун экени аныкталган.

Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалган. Ал 1976-жылы туулган, маркумдун жарандык никедеги жолдошу К.Н., экени такталган.

Алдын ала алынган маалымат боюнча шектүү кызганычтан улам чогуу жашаган аялын бычактап, андан кийин башын кесип салган. Ал аялдын башын ыргытып, денесин алыс эмес жерге көмүп салган.  Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, окуя кандай болгонун айтып берген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

764