7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балтада УКМКнын имаратынын ачылышы болду

506

Бүгүн, 19-октябрда Кара-Балта шаарында УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташиев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагазиев, Жайыл районунун акими Түркбаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

507