7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балтадагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттин менчигине кайтарылды

372

Кара-Балта шаарындагы  «Кыргыз почтасы» ААКнын Жайыл райондук филиалынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Алынган маалыматтар боюнча 2005-жылы айрым кызмат адамдары «Кыргыз почтасы» ААКнын административдик имаратын жеке адамга мыйзамсыз менчиктештирүүгө көмөк көрсөтүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган имарат ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди. Объекттин сметалык баасы 500 млн сомду түздү.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

 

373