Кара-Көлдө эки унаа кыгышып, кырсыктын кесепетинен үй-бүлө мүчөлөрү катуу жаракат алган. Бул тууралуу жеринен Курманбек Ниязбеков кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-сентябрда саат 20:00 чамасында Кара-Көл шаарынан чыга берген трассада оор жүк ташуучу камаз менен матиз үлгүсүндөгү унаа кагышты. Натыйжада матизде келе жаткан үй-бүлө мүчөлөрү катуу жарат алган.
«Тактап айтканда күйөөсү, аялы жана төрт баласы Кочкор-Атага карай бара жаткан. Рулдагы айдоочу атасы, жанындагы келинчеги, чоң уулу, кызы оор жаракат алган. 1 уулу, 1 кызынын абалы салыштырмалуу жакшы. Окуя болгон жерде кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген»,-деп берилет маалыматта.
Окуянын чоо-жайын жергиликтүү ӨКМ, МАИ кызматкерлери көзөмөлгө алууда.