7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Кара-Көлдө машина уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

663

Кара-Көлдө машина уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБне 27 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-август күнү саат 23:30 чамасында кичи футбол аянтчасында токтоп турган ВАЗ 2103 үлгүсүндөгү автоунаасын ачкычы ичинде турган учурда белгисиз адам уурдап айдап кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Көл шаарынын тургуну 1994-ж.т. Т.Н. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664