Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кашкар-Коттон Текстил” пахтаны кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев жана жергиликтүү дыйкандар катышты.
Аталган ишканада жергиликтүү тургундар үчүн 80 жумушчу оруну түзүлүп, жылына 10 миң тоннага чейин чийки пахтаны кайра иштете алат.