7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Центерра: Кумтөрдө топтолгон суу катастрофалык кесепетке алып келиши мүмкүн

692

«Центерра» компаниясы Кумтөр алтын кениндеги борбордук карьерде топтолгон суунун деңгээли кендин өзүнө жана анда иштеген жумушчуларга «катастрофалык кесепет алып келиши ыктымал» деген кооптонуусун билдирди.

Маалыматка ылайык борбордук карьердеги суу кеминде 40 метр, ишкананын 25 жылдык тарыхында эч качан мындай болбогону, маселени тез арада чечүү керектиги айтылды. Билдирүүгө социалдык түйүндөрдөн алынды деген сүрөт жана видео тиркелди.

«Карьерге суу толуп, четтеринен өтө көп суу агып жатат» деп айтылат «Центерранын» билдирүүсүндө.

«Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» бул билдирүүсүн калп деп атоодо. 1-сентябрда ал «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди.
«Бул накта калп. Каалаганын жазып жатышат. «Центерра» өтө көп басылмаларга акча төлөп койгон. Суу каптады дегени эмнеси? Августтун планын аткардык. Паровоздой иштеп жатабыз. Мындай ушак сөздөргө убактымды да короткум келбейт» дейт Болтурук.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

693