7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда эл аралык талапка жооп берген футбол стадиону курулат

495

Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев менен бирге Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионун азыркы абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

Ташиев эскилиги жетип, талкаланып калган бул стадионду толугу менен Эл аралык талаптарга жооп берген стадион кылып кайра жаңылоо тапшырмасын коюп, иштин жүрүшүн жана каржылык маселелерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.

«Өлкөдөгү стадиондорду жаңылоо жана куруу иштери мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат», — деген ал жергиликтүү активдер менен мекеме ишканалардын жетекчилерине жемкорлукка жол бербөө, өз милдеттерин так аткаруунун зарылдыгын эскертти.

Стадионду куруу иштери жакынкы мезгилде башталат. Ошондой эле жетекчилер Өзбекстандагы Кыргызстандын Барак эксклавынан көчүрүлгөн жарандар үчүн курулуп жаткан Жаңы-Барак айылынын куруу иштеринин учурдагы абалы менен таанышты. Алар курулуш иштеринин пландарын көрүп чыгып, тийиштүү тапшырмалар беришти.

496