7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда мыйзамсыз жер саткан айыл өкмөтүнө 280 миң айып пул салынды

786

Мыйзамсыз жер саткан Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурунку айыл өкмөтү менен кызматкерине 280 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан билдирет.

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы А.А. кол алдында иштеген А.М. менен алдын ала макулдашып Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылынын тургундарына айыл чарба категориясындагы сугат айдоо жерлерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн берилүүсүнө уруксат берген.

Башкача айтканда айыл чарба багытындагы жер, мыйзамда белгиленген тартипте калктуу конуштар категориясына которулбагандыгын алдын ала билип туруп, жооптуу катчысы З.М. тарабынан мыйзамсыз күбөлөндүрүлүп, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси А.Т. менен алдына ала макулдашып, ишке ашырган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын жасаган кылмыштуу аракеттери толугу менен далилденген.

Кара-Суу райондук сотунун 2020-жылдын 12-майындагы өкүмү менен айыл өкмөт башчы А.А. Жазык кодексинин 329-беренесинин (кызматтык жасалмачылык ) 1-бөлүмү, 320-беренесинин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, Жазык кодексинин 78-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) 3-бөлүмүнүн негизинде 280 миң сом айып салынган.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси А.М. Жазык кодексинин 329-беренесинин (кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүмү, 43-берененин (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) 4-бөлүмү аркылуу 320-берененин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып 280 миң сом айып салынган.

Булак: Турмуш.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

787