7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда уюшуп, жылдар бою жер саткан 3 бийлик өкүлү кармалды

1561

Кара-Сууда уюшуп жылдар бою жер саткан бийлик өкүлдөрү кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча Нариман айыл округунун башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган.

Алар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.

Кечээ, 30-сентябрда бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу  максатында ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1562