7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудагы сел 1 тонна балыкты агызып кетип, ишкерди 1 млн чыгымга учуратты

3020

Кечээ, 5-август Кара-Суу районунда катуу жааган жаргырдан улам сел жүруп, 1 тоннадан ашуун балыкты агызып кетти. Бул тууралуу Кара-Суу райондук акимчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык Мады айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам чоң арыктагы суунун көлөмү көтөрүлүп, арыктын жээгиндеги балык чарбаны каптап кеткен. Мындан сырткары ишкердин 7 даана тапчанын сел алып, аны 1 млнго жакын чыгымга учураткан. Балык ферманын ичинде 1 тоннага жакын балык бар экендиги айтылат.

Кечээ саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон түшкөн сел Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылындарына агып кирген.
Ишкердин балык фермасына Өкмөт тараптан колдоо болобу деген, биздин сурообузга, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы жок деп жооп берди. Себеби, сууга аккан балык ферма мыйзамсыз жерге, аныгыраагы талаптарга жооп бербеген, кооптуу жайга жайгаштырылган. ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгы, 2,3 күн алдын барып, сайдан сел кетиши мүмкүндүгүн эскерткен экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3021