«Манас» аэропортунун директору Манас Самидинов аэробекетти оңдоп-жасоо иштери бир айдын ичинде бүтүп каларын айткан.
«Аэропорттун жалпы аянты 9 миң чарчы метрди түзөт. Учуп-конуу тилкесин быйыл 2 450 метр менен ачып, эмдиги жылы аны 3 700 метрге чейин узартабыз», — деген ал.
Буга чейин компаниянын маалымат кызматы Каракол менен Нарынга учактар кышка чукул каттай баштаарын айтып, азырынча билет баасы каралып жатканын белгилеген.