Караколдо адашып кеткен 11 жаштагы кыз атасына аман-эсен өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11 жаштагы кыз Ак-Суу районунан Каракол шаарына өз алдынча келип адашып кеткен. Адашканын Каракол шаарынын тургуну Асель аттуу айым байкап калып, Каракол ШИИБдин 102 нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кайрылып, өспүрүм жөнүндө билдирген.
Аталган өспүрүм кыз 2011-жылы туулганын жана Ак-Суу районуна карашатуу Чолпон айылында жашаарын айткан. Ал айылдан маштруттук такси менен 20 сом төлөп өзү жалгыз келип, андан соң 106чы шаардык маршруттук таксиден Каракол шаарында жашаган бир тууган эжесин үйүнө бара жатып, үйдү таппай адашканы жөнүндө билдирген.
Териштирүү учурунда, өспүрүм үйдөгүлөрүнүн уруксаатысыз шаарга келген. Кыздын туруктуу жашаган айылы белгилүү болгондуктан, милиция кызметкерлери тарабынан дароо эле атасы табылып, тапшырылып берилген.