Кардашиан эже-сиңдилер жыл салтка айланган кечесин бул жолу майрамдашпайт. Бул тууралуу Твиттерде теле жылдыздын сиңдиси Ким Кардашян-Вест Хлои жарыялады.
Интернет колдонуучулардын майрам болот бекен деген суроосуна жооп берип жатып, блогер Калифорниядагы коронавируска байланыштуу майрамдалбай тургандыгын айткан.
«Быйыл Рождество кечесин өткөрбөйбүз деп чечтик. 1978-жылдан бери биринчи жолу ушундай учур катталды. Бул абдан өкүнүчтүү, бирок азыр ден-соолук жана коопсуздук биринчи орунда турат! Пандемияга олуттуу карашыбыз керек. COVID-19 бардык пландарды бузду », — деп жазган Хлое Кардашян.
Маалым болгондой, Кардашян эже-сиңдилер, эски үй-бүлөлүк салт боюнча жыл сайын жаңы жылдык кече өткөрүп келишкен. Алгач мындай кечени апасы Крис Дженнер уюштуруп келсе, 2018-жылы бул милдетти анын кыздары өз мойнуна алышкан.
Белгилей кетсек учурда, Калифорнияда кечелерди уюштурууга жана көп адамдардын чогулушуна тыюу салган.