7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады

278

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 21-22-августта Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын экинчи күнүндө расмий тосуп алуу аземинен кийин тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаровду «Алтын Кыран» ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү. 

Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон баа жеткис салымы үчүн татыктуу болду. 

Мындан тышкары, Кыргызстандын бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлери «Достык» ордени менен сыйланышты. 

Андан соң мамлекет башчылары Бишкек шаарындагы «Достуктун алтын көпүрөсү» эстелигин ачышты. 

Композиция Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго арналган.

Сапардын соңунда Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Кемел Токаев атындагы мектеп-гимназияга барышты.

 

 

279