7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды

632

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгачкы болуп Катардын эмири шейх Тамим бен Хамада Аль Тани сүйлөп, ачып берген.

Ачылыш аземи Эль-Хаур шаарындагы «Эль-Байт» стадионунда өттү.

Маалыматка караганда, турнир биринчи жолу Жакынкы Чыгышта, араб мамлекетинде өтүп жатат. Жайында Катарда катуу ысык болгондуктан, алгачкы жолу салкын учурга туш келди. Бул 32 команда катышкан акыркы биринчилик, кийинки чемпионатта 48 команда күч сынашат.

Белгилей кетсек, Катарда өтчү мундиалдын бир нече өзгөчөлүгү бар. Бул тарыхтагы эң кымбат чемпионат. ЖМКлардын маалыматы боюнча, ага 208 миллиард доллар жумшалган.

Биринчи оюнга Катар менен Эквадордун командалары чыгат. Аталган беттешти УТРК түз алып көрсөтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633