7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катардагы дүйнө чемпионаты: Мессинин командасы жеңилүү ызасын тартты

545

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Аргентина менен Сауд Аравиянын курама командалары беттешип, Мессинин командасы утулуп калды.

Белгилей кетсек, эки команда тең С тайпасында жайгашкан жана тайпадагы беттеш өткөргөн алгачкы курамалар. Беттеш башталганда Аравиянын дарбазасына Лионель Месси сокку уруп, эсепти 1:0гө өзгөрткөн.

Ал эми, экинчи таймдын башында Сауд Аравиянын оюнчулары 48-мүнөттө жана 53-мүнөттө гол киргизип, эсепти 2:1ге айлантканга жетишкен. Мессинин командасы оюндун жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартты.

Ал эми, С тайпада Мексика жана Польшанын командалары дагы жайгашкан. Алардын оюну бүгүн, 22-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 22:00дө башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546