7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Катуу качат окшойсуң а?» Милиция мотоцикл айдоочусуна эскертүү берди

377

Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мотоцикл жана мотоскутер айдоочуларына эскертет!

«Сиздер жол эрежелерин бузуу менен жол кырсыгына кабылып, өзүңүздү жана башка жарандардын өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып жатасыздар. Жолдордо эреже бузуу — чоң кыйынчылыктарга жана чыгымдарга алып келиши мүмкүн. Эң башкысы сиздин коопсуздугуңуз жана айланаңыздагы адамдардын коопсуздугу», — дейт ЖКККББ.

Эсиңизде болсун:

1. Жол эрежелерин сактаңыз — тынч жана жоопкерчиликтүү айдоо, жол белгилерин жана ылдамдык чектөөлөрүн түшүнүү жана кынтыксыз аткаруу керек.
2. Коопсуз аралыкты сактаңыз — мотоциклдын айдоочулары үчүн коопсуз аралыкты сактоо өтө маанилүү.

3. Кийимдериңизди туура тандаңыз — шлем жана коопсуздук кийимдери өмүрдү сактап калууга жардам берет.
4. Алкоголду пайдаланбаңыз — ичимдик ичип алып айдоо — өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч туудурат.
5. Абайлап айдаңыз — жолдордун абалына жараша ылдамдыгыңызды туура тандаңыз. Эс алууну жана этият болууну унутпаңыз.

Өзүңүздү жана башка адамдарды коргоо, сактоо үчүн жоопкерчиликтүү башкарып, жол эрежелерин сактаңыз. Биздин жолдор тынч жана коопсуз болушу үчүн биргеликте аракет кылалы!!!

Бул эрежелер сакталбаса, мыйзам чегинде тийиштүү протокол түзүлүп, мотоңуз айып короого токтотулат жана айып пул салынат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

378