7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан: Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы финалга чыкты

670

Бүгүн, 3-июнда коңшу Казакстандын Алматы шаарында рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринин экинчи күндүк беттештери уланды. Мелдешке 82 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов рейтингдик турнирдин финалына чыкты. Ал жарым финалда грузиялык Торнике Дзамашвили аттуу балбанды 4:1 эсебинде жеңип алды. Эми финалда Акжол Махмудов ирандык Пежман Поштам аттуу балбан менен кез келет. Ошондой эле ушул эле салмак категорияда Калидин Асыкеев коло байге үчүн күрөшөт. Анын атаандашы казакстандык Шамиль Батыров болот.

Кыз келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалга чыкты. Анын финалдагы атаандашы египеттик Самар Амир Хамза аттуу балбан болот.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

671